Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда автобус кырсыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы (видеодо талаада турган унаа) сүзгөн. Автобустун ичинде он чакты бала болгон.
Тез жардам кызматы балдар №1 шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Алардын абалы тууралуу башка маалымат айтыла элек.