Армения Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет

Армения Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет.

Ал эми Кыргызстан бул каражатты өндүрүлгөн продукция менен төлөйт, — деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, насыя Баткен облусунда 500 гектар жерге өрүк көчөттөрүн отургузууга жумшалат.

Көчөттөр Италиядан алып келинет.

Ошондой эле, Баткенди өнүктүрүү фондунун эсебинен тамчылатып сугаруу системасы орнотулат.

Өкмөт башчы Армения бере турган насыянын суммасын тактаган жок.