Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага жергиликтүү тургундар, коңшу өлкөлөр жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алуунун ышкыбоздору катышты.