Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатат. Аларды каржылоо үчүн быйыл бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.
Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган балдарды убактылуу асырап берет. Бул институт өлкөдө 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган.