Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бүгүн, 2-декабрда тайпалык баскычтагы оюндар жыйынтыкталат.
Жыйынтыктоочу оюнда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 9да Гана — Уругвай, Түштүк Корея – Португалия менен беттешет.
Ал эми Сербия — Швейцария жана Камерун — Бразилиянын оюнунуа күйөрмандар түнкү саат 1де күбө боло алышат.
Футбол боюнча 20-ноябрда башталган дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат.