Кыргызстандын Улуттук банкы накталай доллар тартыш болуп жатканын билдирди

Кыргызстандын Улуттук банкы накталай доллар тартыш болуп жатканын билдирди.

Бүгүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси валюта рыногундагы акыркы жагдай боюнча түшүндүрмө таратты.

Анда каражаттын тартыштыгын аны өлкөгө алып келүү тартиби бузулгандыгы менен түшүндүрдү.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстанда доллар муктаждыгын камсыз кылуу үчүн атайын операциялар жүрүп жатат.