Кийинки жылдын 1-октябрында пенсиянын өлчөмүн 8 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, пенсияны жогорулатууга 1 миллиард 480 миллион сом керектелет. Жалпысынан кийинки жылы республикалык бюджеттен Социалдык фонддко 41 миллиард сом бөлүнөт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 735 миң пенсионер жашайт.