Кыргызстанда кийинки жылы жеңилдетилген ипотека үчүн 15 кабаттуу үйлөрдүн массалык курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, ипотекага турак-жай алуу маселеси курултай учурунда көтөрүлдү. Чиновник белгиелегендей, жаңы үйлөр мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык жарандарга жеткиликтүү болот.