Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-сентябрда саат 7:54та катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.