ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

 

Ведомствонун маалыматына караганда, 20-22-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

 

Жарандар сак болушу шарт.