Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районуна аэропорт курулат

Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районуна аэропорт курулат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту» ишканасынын директору Манасбек Самидинов билдирди.

 

Анын айтымында, Каныш-Кыя айылындагы аэропорттун учуу тилкесинин узундугу азыркы учактарга кыскалык кылат. Андыктан учурда жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, башка жер тилкеси бөлүнүүдө.

 

Учурда анда изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тилке бардык талаптарга жооп берсе, аба майдандын курулушу башталат, — деди Самидинов.