«Манас» аэропортунда жаңы аэровокзал куруу пландалууда

«Манас» аэропортунда жаңы аэровокзал куруу пландалууда. Бул тууралуу аталган аба майдандын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, анда саатына кеминде 1,5 миң адамды өткөрүүгө мүмкүн болот.

 

Учурда Бишкектеги аэропорттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча план даярдалууда. Анда кошумча учуу тилкесин куруу планы да бар, — деди Самидинов.