Бишкектеги кайра шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыкты

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. БШКдан билдиришкендей, жалпысынан 51 шайлоо участогу ачылган.

 

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, соңку маалыматка ылайык анын 20 миң 169у добуш берүүгө катышты. Бул шайлоочулардын 15,85 пайызын түзөт.

 

Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.

 

Учурда добуштарды кол менен эсептөө уланууда. Андан соң шайлоонун так жыйынтыгы чыгарылат.