Ордо калаадагы медицина кызматкерлери Кадамжай районунун тургундарынан 700 литрден
ашык малина кыямын алышты. Кыям Бишкектеги кызыл зонада, изоляция, обсервация жана
стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылды, дешти Республикалык штабдан.
Белгилеп кетсек, буга чейин Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук
ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине да жарым тонна малина кыямын жөнөтүшкөн.