Кой-Таштагы аскер бөлүктө билим берүү комплексинин курулушу башталды

Кой-Таштагы аскер бөлүктө билим берүү комплексинин курулушу башталды. Коргоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор 60 орунга ылайыкталган бала бакчаны, жыйындар залы менен билим берүү борборун, чет тилдер, компьютер жана тигүү класстары менен оюн аянтчасын камтыйт.

 

Курулуш иштери аяктаган соң керектүү жабдуулар жана эмеректер берилип, комплекстин аймагы көрктөндүрүлөт.