Кыргызстанда январь-август айларында орточо айлык 32 миң 146 сомду түздү

Кыргызстанда январь-август айларында орточо айлык 32 миң 146 сомду түздү.

 

Бул тууралуу Экономика министрлигинин сайтында айтылат. Маалыматка караганда, номиналдуу орточо айлык бир жылда 27 пайызга өстү.

 

Анын керектөө баасынын индексин эске алганда реалдуу көлөм 13 пайызга жогорулаган. Өсүш экономикалык ишмердиктин бардык түрүнө кирген уюмдарда байкалган.