Коомдук транспорттогу накталай эмес төлөм боюнча текшерүүлөр уланууда

Бишкекте коомдук транспорттогу накталай эмес төлөм боюнча текшерүүлөр уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, күн сайын 25 кызматкер айдоочулар тарабынан эреже бузуулардын жана айрым жарандардын жол кире акысын накталай эмес төлөөдөн баш тартуусун алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.