Садыр Жапаров футболду өнүктүрүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

 

Анда жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо экени белгиленген.