Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунда 3 миллиард 130 миллион сомго материалдык зыян келтирилди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул Жарандык коргонуу комиссиясы жарыялаган алдын ала эсептөөлөр.
Чиновник белгилегендей, бийлик аймактын коопсуздугун бекемдөө боюнча иш-чаралар планын аткарып жатат. Эске салсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 63 адам каза тапты, 200дөн ашык кыргызстандык ар кандай жарааттарды алган. Андан тышкары, 600 үй, социалдык объектилер жабыркады.