Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяны рубль менен да берет

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес форумунун алкагында келишим түздү. Келишимдеги шартка ылайык, Өнүктүрүү фондунун каржылоосу рубль менен ишке ашырыла баштайт. Ошондой эле, насыя берүүнүн жолдору жеңилдетилип, аны төлөө мөөнөтү үч жылга чейин узартылды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиковдун журналисттерге билдиргенине караганда, эки тараптуу келишим фонддун каражатын Кыргызстандагы долбоорлорду ыңгайлуу шартта каржылоого да мүмкүнчүлүк берет:

«Бул өзгөчө өндүрүш үчүн керек болгон жабдууларды, техникаларды жана башка керектүү материалдарды Орусиянын базарларынан сатып алууда актуалдуу. Фонддо учурда рубль бар, биз аны жергиликтүү өндүрүш долбоорлоруна иштетүүгө даярбыз», — деди Новиков.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ЕАЭБ алкагында Кыргызстанга каржылык көмөктөшүү максатында 2014-жылы түзүлгөн.

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес форуму өтүп жатат. Иш-чара 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында өтүүдө.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган