Кыргыз-тажик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер убактылуу токтотулду.
УКМКнын маалыматына ылайык, кече Лейлек районуна караштуу Максат айылында кыргыз тарап чарбалык жумуштарды жүргүзүп баштаган.
Бирок Тажикстандын 15-20дай жараны чогулуп, иштерди токтотууну талап кылышкан.
Мындан тышкары, Тажикстандын тургундары чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдыкты баштаган.
Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү сүйлөшүп, жолугушуу өткөрүү маселеси макулдашылды.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.