USAID Кадамжай районундагы фермердик чарбага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Баткен облусунун Кадамжай районундагы фермердик чарбага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдууларды берди.

Техника күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө, узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берет.

Төрт миллион сомдон ашык суммадагы жабдуулар “Агросоода” долбоорунун алкагында тапшырылды.

Аталган долбоор Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.