Кыргызстан Интернет эң арзан 5 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан мобилдик Интернетке ээ өлкөлөрдүн рейтингинде төртүнчү орунга чыкты.

Мындай тыянакка келүүдө 169 өлкөдө Интернетке кирүүнүн сапаты, жеткиликтүүлүгү жана баасы изилденген.

Ошол эле учурда Интернеттин жеткиликтүүлүгүнүн индексинде Кыргызстан болгону 116-орунда турат, республика интернетке туташуу ылдамдыгы боюнча да, баага салыштырмалуу кең тилкелүү кирүү ылдамдыгы боюнча да төмөн турат.