Кыргызстан “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен жарактан чыккан препараттын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен жарактан чыккан препараттын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, бузулган препарат вакцинанын биринчи компоненти болчу.

 

Эске салсак, 30-апрелде атайын муздаткыч электр энергиясынан суурулуп, вакцинанын 930 дозасы жарактан чыкты. Буга байланыштуу, Бишкектеги №2 үй-булөлүк медицина борборунун жетекчилигине жана кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.