Бишкектеги Дордой конушун таза суу менен камсыздоо максатында “Эне-Сай” суу дарбазасында скважина пайда болот

Бишкектеги Дордой конушун таза суу менен камсыздоо максатында “Эне-Сай” суу дарбазасында скважина пайда болот. Бургулоо иштерине тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.

 

Ага ылайык, сынакты капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялап, бул максатта 11 миллион 800 миң сомдон ашык жумшайт. Жеринде скважина бургулоодон тышкары, бактериялардан тазалоочу станция дагы курулат.