Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы жеткирилди.
Кечээ аталган препараттын 1 миллион 250 миң дозасы келди, — деп билдиришти Министрлер
кабинетинен. Кытайлык вакцинаны сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп
берилди. Учурда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 600 миңге жакындады. Эске салсак, 11-июлда
Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң
дозасы гуманитардык жардам катары берилсе, калганы мамлекеттик
бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.