Ош облусунда коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду текшерүү башталды

Ош облусунда коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду текшерүү башталды.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана

Чоң-Алай райондорунда медицина кызматкерлеринин тобу иштеп жатат.

Дарыгерлер жарандардын карантин режимин сактоосун жана дене табын текшерип,

ПРЦ анализ жүргүзүп жатышат. Белгилеп кетсек, илдетти көп жугузгандар боюнча

Ош облусу жана шаары 270 адам менен алдыда турат.