Кыргызстанда “Аманат” Улуттук холдинг компаниясын түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда “Аманат” Улуттук холдинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакировдун айтымында, холдингге 16 ири ачык акционердик коом кирет.

Алардын арасында “Кыргызалтын”, “Нефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту жана айрым банктар бар.

Улуттук холдингдин уставдык капиталы 100 миллион сомдон жогору бааланууда.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин айтымында, мекемени түзүүнүн негизги милдеттеринин бири — мамлекеттин катышуусу менен жергиликтүү компанияларды эл аралык валюта рынокторуна чыгаруу.

Демилге азырынча министрлер кабинетинде каралып жатат.