Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болду

Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болду.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын өзгөрткөн мыйзам долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, өкмөт мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга бир булактан сатып алууга жол берип, тендер өткөрүүдөн бошото турган болду.

Белгилеп кетсек, «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга ушуну менен он экинчи жолу өзгөртүү киргизилди.