Кыргызстанда бензин кымбаттай баштады

Кыргызстанда бензин кымбаттай баштады. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, АИ-95 51 тыйынга, АИ-92 1 сом 3 тыйынга, АИ-80 33 тыйынга көтөрүлдү. Баалар негизинен Кара-Суу району, Ош шаары менен Бишкек жана Таластын Покровка айылында жогорулаган.

 

Эске салсак, күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттай турганын буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирген. Ал мунун себебин Россиядагы дүңүнөн сатылган мунай баасы көтөрүлгөнү менен түшүндүргөн.