Тоңдо 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

Тоң районунун Жер-Үй айылында 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 миллион сомго бааланган.

 

Белгилеп кетсек, А.Көлбаев атындагы билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.