Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 200дөн ашуун адам тартылды

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар жана укук коргоо органдарынан жалпы 224 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалматка ылайык, бүгүн таң эрте Аламүдүн капчыгайында издөө-куткаруу иштерин көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барды. Анын жетекчилиги менен куткаруучулар топ-топко бөлүнүп, тоо беттерине, суу жээктерине, коктулардан издөөгө чыгышты.

 

Учурда жалпы 184 куткаруучу 7 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) жана 9 техника менен тартылды.

 

Ошондой эле “Инсараг” издөө-куткаруу тобунун 5 куткаруучусу 4 учкучсуз учуучу аппараты, 1 техникасы менен, ал эми Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер, жалпы 11 учкучсуз учуучу аппарат жана 11 техника тартылып, 224 адам издөөгө чыкты.

 

Эске салсак, 2024-жылдын 16-январында Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.у.М. аттуу адам дайынсыз экендигин туугандары билдиришкен.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.