Кыргызстанда быйыл апрелден октябрга чейин электр энергиясын керектөө лимити
530 миллион кВт/с же 10,4 пайызга ашты. «Улуттук энергохолдингден» эскертишкендей,
жарандар белгиленген лимитти сактабаса Токтогул суу сактагычында нымдуулук тартылып,
электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн. Апрелден сентябрга чейин башкы
резервуарга суунун агып кириши акыркы 4 жылда эң төмөн болду. Кыргызстанда жыл
сайын дээрлик 15 миллиард кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт.
Бирок керектөөкөбөйүп жаткандыктан бул жетишсиз болууда.