Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын 14 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын 14 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алардын бардыгы дарыланып жатат, алар менен байланышта болгондор обсервацияга алынды, — дешти регион милициясынын басма-сөз кызматынан.

 

Жалпысынан, 180 кызматкер бар.  Башкармалык жабылган жок, милиция иштеп жатат. Бардык тартип сакчылар кечээ экспресс-тест тапшырып, жыйынтыктары таза чыкты.