Кыргызстанда эки жогорку наам негизделди

Кыргызстанда эки жогорку наам негизделди. Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Ата Мекен Баатыры өзгөчө белгиси укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана аскер кызматкерлерине ыйгарылат.

 

Ал эми Эмгек Баатыры өзгөчө белгиси өлкөнүн социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүгүүсүнө, анын ичинде өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн, транспорт, курулуш, илим, маданият, билим, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардын өнүгүшүнө салым кошкондорго ыйгарылат.

 

Буга чейин орден жана медалдардан жогору бир гана Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы болчу.