Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду

Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жалпысынан   29 документке кол коюлган.

 

Анын ичинде кытайлык компания менен биргеликте Кыргызстанда көмүр казуу, “Торугарт”, “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрүнүн жанына логистикалык борборун түзүү, кайра жаралуу булактары менен жүрө турган автобустарды чогултуу заводун куруу боюнча макулдашуулар жетишилди.