Кыргызстанда электрондук капчыктардын колдонуучуларынын саны 5,4 миллиондон ашты

Кыргызстанда электрондук капчыктардын колдонуучуларынын саны 5,4 миллиондон ашты. Бул баштапкы божомолдордон эки эсе көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Андан такташкандай, өлкөнүн чоң жарандарынын саны 4,5 миллион адамды түзгөнүн эске алганда, бул  көрсөткүч рекорддук болуп эсептелет. Ал эми электрондук капчыктардын жардамы менен жасалган транзакциялардын саны 98 миллиард сомдон ашат.