Кыргызстанда электрондук капчыктардын жалпы саны 6 миллион 100 миңге жетти. Өткөн жылга салыштырмалуу бул 12,7 пайызга көп, — деп маалымдайт Улуттук банк.
Анын ортосунда идетификациядан өткөн электрондук капчыктардын саны болгону 2 миллион 300 миңди түзөт.
Бул жалпы көрсөткүчтүн 38 пайызына теңелет. Башкача айтканда, кыргызстандыктардын үчтөн бир бөлүгү электрондук капчыктарды ачканы менен, кандайдыр бир себептер менен алар менен колдонбойт жана идентификациядан өтпөйт.