Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны 20 миңден ашык адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны 20 миңден ашык адам алды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын 600дөн ашыгы экинчи дозаны алышты.

Эмдөөдөн өткөндөрдүн көбү Ош облусуна, Бишкекке жана Чүй облусуна туура келет.

Эске салсак, республикада коронавируска каршы вакцинация 29-мартта  кытайлык

SinoPharm препараты менен башталса, 23-апрелден тартып россиялык

«Спутник V» препараты менен эмдөө кампаниясы жүрүп жатат