Бүгүн Кыргызстандагы ооруканалар жана бейтапканалар иштебейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ишендиришкендей, буга медиктердин 6 күндүк иш графиги себепкер.
Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча чыккан өкмөттүн токтому беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Ал эми дарыгерлер 2-январь күнү эле жумушка чыккан.
Майрам, эс алуу күндөрүн жылдыруу Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү эмес. Эске салсак, кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.