Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин суу Ак-Босого конушунда өчүрүлөт. Бул аймакка №81 мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору тиешелүү.
Андыктан, билим берүү мекемелери бир күнгө жабылат. Бейтапкана сууну запастап алгандыктан, кадимки режимде иштей берет.