Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер соода кылганда чек талап кылууга милдеттендирилди

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер соода кылганда чек талап кылууга милдеттендирилди.

 

Министрлер кабинетинен түшүндүрүшкөндөй, катардагы кызматкер айына сатып алуудан берилген 10 миң, жетекчилер 15 миң сомдон кем эмес суммадагы чектерди жыйнашы керек.

 

Айдын аягында ККМ чектери Салык кызматына тапшырылат. Бул көмүскө экономика менен күрөшүү, салык тартибин сактоо жана экономика жаатындагы ачыктыкты түзүү максатын көздөйт.