КОВИД-19 жуктуруп алган 133 медицина кызматкерине кошумча каражат төлөнөт.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет.
Анын айтымында, компенсация алуу үчүн жалпысынан 1 миң 901 арыз түшкөн. 171 кызматкердин
өтүнүчү кабыл алынып, 147 медицина кызматкерине 200 миң сомдон төлөнүп берилди.
24 дарыгер каза тапканына байланыштуу үй-бүлөсү 1 миллион сомдон компенсация алды.
Кошумчаласак, республика боюнча вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин
саны 3 миң 545ти түзөт. Алардын 3 миң 184ү ооруну жеңип чыкты.