Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 7-июлда тапшырылат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 7-июлда тапшырылат.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 11-классты 67 миңден ашуун окуучу аяктап жатат.

Ал эми 9-класстын 106 миңден көп бүтүрүүчүсү бар.

Аларга 5-июлда негизги жалпы билими тууралуу документ тапшырылат.

Бүтүрүү кечелерине келсек, мектеп ичинде салтанаттуу иш-чарага гана уруксат берилген.

Мектептин сыртында балдарга ата-энелер жооптуу.

Көчөлөрдү кайтаруу Ички иштер министрлигине тиешелүү, — дешти ведомстводон.