Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу полисин электрондук түрдө алууга уруксат берүү сунушталды

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу полисин электрондук түрдө алууга уруксат берүү сунушталды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы унаа камсыздандыруу келишимин кагаз түрүндө дагы, электрондук форматта дагы түзүүгө уруксат берген норма киргизүүнү демилгеледи.

 

Ведомство 2024-жылдын 1-январынан тарта жеке менчик автоунаа ээлерине полиси жок болсо айып салынарын эскертет.

 

Буга байланыштуу, камсыздандырууга шашылгандардын саны өсөт. Андыктан, процедураны жеңилдетүү керек, — дешет кызматтан. Белгилеп кетсек, базалык камсыздандыруу жылына 1 миң 680 сом турат.