Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Казарман – Актал-Чат унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.
Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.