Түркиядан Кыргызстанга 5 көчмө клиника алып келет

Түркиядан Кыргызстанга 5 көчмө клиника алып келет. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Ар бир көчмө унаа клиниканын ичинде УЗИ аппарат, томмограф, рентген, биохимиялык анализдерди чыгаруучу лабораториялык жабдуулар менен кошо көз ооруларына операция жасоого ыңгайлашкан чакан операция жайы бар.  Күтүлгөндөй, техниканы сатып алууга каражатты Ислам өнүктүрүү банкы бөлүп берет.

 

Азырынча бул клиникалар Кыргызстанга качан жеткирилет белгисиз.