Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого быйыл 26 миллиард сом бөлүндү.
Каржы министрлигинен маалым болгондой, каражаттын 1,5 миллиарды үрөн сатып алууга, 975 миллион сому жер семирткичтерге, 2 миллиондон ашыгы дизель майын, кант жана өсүмдүк майын сатып алууга, 1 миллиард 400 миллион сому оңдоп-түзөө иштерине жана ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүгө жумшалат.
Белгиленгендей, айыл чарбасын мындай көлөмдө каржылоо биринчи жолу болуп жатат.