Кыргызстанда доллар дагы кымбаттады

Кыргызстанда доллар дагы кымбаттады. Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 86 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 87 сом 50 тыйындан сатышууда. Муну менен бир суткада эле доллардын куну 1,5-2 сомго көтөрүлдү.

 

Белгилеп кетсек, Россияга карата киргизилген санкциялардан улам КМШ мамлекеттеринде доллар кескин кымбаттап, биздин өлкөдө анын курсу 107 сомго теңелген.

 

Марттын ортосунда ал кайра арзандап, 79 сомго түшүп, эми кайрадан кымбаттоо багытында.