Жалал-Абаддагы «Көк-Арт» чакан ГЭСинин курулушу 70 пайызга аяктады

Жалал-Абаддагы «Көк-Арт» чакан ГЭСинин курулушу 70 пайызга аяктады. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кубаттуулугу 6 мегаваттан ашык гидроэлектрстанциянын башкы курулмасы, суу жеткире турган 2 миң 600 метрди түзгөн каналы салынып бүттү. Алдыда ГЭСтин имаратын куруу, техникалык чогултуу жана линия тартуу жумуштары аткарылат.

 

Курулушу былтыр башталган Сузак районундагы долбоорго жалпы 620 миллион сом жумшалууда.